Вице-спикер Мирлан Бакиров Максим Бакиевдин мүлкүн иликтеген депутаттык комиссияны жоюуну сунуштады

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров Максим Бакиевдин мүлктөрүн иликтөөчү убактылуу депутаттык комиссияны жоюуну сунуштады.

Анын айтымында, комиссия ишин узарткан, бул маселе актуалдуулугун жоготуп, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. "Депутаттык комиссиянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аны жоюу керек", - деди Мирлан Бакиров.

Эске салсак, 2017-жылы 18-январда депутат Канат Исаевдин демилгеси менен мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан