Жалал-Абад. Балдар үчүн заманбап жеке менчик билим-тарбия борбору ачылды

Жалал-Абад шаарында биринчи жолу балдар үчүн жеке менчик билим-тарбия борбору катталып, анын алдында "Симба" балдар бакчасы ачылып, иштей баштады. Башка балдар бакчаларынан айырмаланып, бардык имараттар “Онлайн” видеобайкоосу менен камсыздалган. Анын жардамы менен ата-энелер балдарынын бакчада эмне менен алектенип жатканын көрө алышат. Тарбия, билим берүү орус тилинде жүргүзүлгөн балдар бакчасына жаш курагы 1,5 жаштан 6 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Кабыл алынган балдар үчүн балдар бакчасы жумасына 6 күн, зарыл учурларда жуманын бардык күнү таңкы 7:30дан кечки 19:30га чейин иштейт. Мында балдардын коопсуздугу күнү бою коргоого алынган. “Симба” балдар бакчасынын ээси Н.Чүрөкованын айтымында, бала бакча Мария Монтессория системинин ыкмасы менен иш жүргүзөт. Бул ыкма ар бир балага жекече мамиле кылууну сунуштайт. Бул бала бакчасынын билим берүү программасында мектепке даярдоо, окууну жана жазууну үйрөтүү, курчап турган дүйнө менен тааныштыруу, эске тутууну, эркин ой жүгүртүүнү өстүрүү, сүрөт тартуу эмгегине, музыкага шыктандыруу, этикеттин негиздери, математика жана геометрия, кол эмгек, чет тилдери сабактары камтылган. Н.Чүрөкова жеке өзүнүн турак үйүнүн үстүнө каражат кошуп, балдар бакчасын ачкан. 3 ай убакыттан соң бала бакча ишке берилди. Балдар бакчасы 45 орунга ылайыкташтырылган жана анда 15 тарбиячы-педагог эмгектенүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан