ЖКда Абдулла Юсуповго байланыштуу дагы бир
видеотасма көрсөтүлдү
Бүгүн ЖКда “Ата Мекен” фракциясы
тарабынан камактагы Абдулла Юсуповго байланышкан дагы бир видеотасма
көрсөтүлдү. Бул тасмада Абдулла Юсупов менен 5 ай абакта, бир камерада отурган
Нургазы деген адамдын сурактагы көрсөтмөлөрү көрсөтүлдү. Суракты ИИМдин тергөөчүсү жүргүзгөн. Нургазы өз сөзүндө Абдулла Юсуповдун камакта отуруп
алып жасаган көптөгөн былык иштерин, кимге телефон чалып, кимдер менен
байланышканын айтып берди. “Абдулла Юсупов камакта отуруп алып Жалал-Абад, Ош
шаарларындагы бирөөлөргө чалып, “Текебаев кетсин!" деп пикетке чыккыла” деп айтып
турду. Ал гана эмес, Мадумаров Жалал-Абадда митинг уюштуруп жатканда да ушундай
эле маңызда тааныш кишилерине телефон чалып турду. Мага да “Ата Мекенге" каршы
кол топтоого жардам берсең, мен сенин сот иштериңе жардам берем" деген”,- деп
билдирди Нургазы.