КҮНСЕРЕП: Депутаттар жолдон коррупционер издешет

Бүгүн, 26-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бийлик канча ирет алмашпасын, олуттуу реформа болмоюнча сот системи мурдагы абалында кала берет. Акыркы күндөрү сот бөлүмдөрүндө кабыл алынып жаткан чечимдер жарандык коомду ушундай ойго жетелөөдө. Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова мыйзамга каршы келүүчү чечимдерди кабыл алган соттордун "кара тизмесин" иштеп чыгышарын, алардын мыйзам чегинде тийиштүү жаза алуусуна бардык аракеттерди көрүшөрүн жарыялады. Укук коргоочу "Атамбаевдин тушунда орун алган баш аламандык Жээнбеков келгенде токтойт дегенбиз. Бирок күткөндөй болбоду. Биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок", - деп нааразы.

Жарандык коомду Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган чечим түйшөлтүүдө. Эске салсак, ушул жылдын 10-майында Казак бийлигинин өтүнүчү менен Бишкекте казакстандык жарандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев кармалган. Астана блогерди өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Ал эми блогер мындай айыпты саясий куугунтук катары кабыл алып, эл аралык уюмдардан жардам сураган. "Human Rights Watch" укук коргоо уюму Кыргыз бийлигин блогерди Казак тарапка өткөрүп бербөөгө чакырган. Блогер Казакстанга өткөрүлсө саясий куугунтукка, атүгүл кыйноолорго кабылышы мүмкүн экени эскертилген. Кыргыз укук коргоочулары да блогерди казак тарапка өткөрүп бербөөгө чакырып, атүгүл саясий баш паанек берүүнү да сунуштап кайрылышты. Бирок Бишкектин Октябрь райондук соту блогер Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду.

Кыргыз өлкөсү тарабынан оор кылмыштарга айыпталып, издөө жарыяланып, сыртынан соттолгон Бакиевдердин үй-бүлөсү, качып жүрүп сыртынан соттолгон Данияр Үсөнов өңдүүлөр үй-бүлөлүк той-мааракелерин коңшу Казакстанда өткөрүп жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келе жатат. Атүгүл мындай сөздөр Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылды. Казак тараптын Кыргыз өлкөсү издөөгө алган жарандарды кармап, өткөрүп берүү ниети байкалбайт. Мындай мамилеге карабай Кыргыз соту эл аралык укук коргоо уюмдарынын эмес, Казак бийлигинин өтүнүчүн тандады.

Сот системине нааразычылык жараткан дагы бир окуя Өмүрбек Текебаевдин ишинде орун алды. Башкы прокуратура жаңы жагдайлар пайда болгонуна байланыштуу Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тарткан соң анын жактоочулары сотко арыз менен кайрылышкан эле. Бишкектин ошол эле Октябрь райондук соту бул ишти өндүрүшкө алуудан баш тартып койду. Жактоочулар эми Бишкек шаардык сотуна кайрылышмакчы.

Саясий күрөштөн улам абакта отурган Феликс Куловду бакиевдик бийлик, Исмаил Исаковду Отунбаева башында турган бийлик актоодон чочулаган эмес эле. Жээнбековдук бийлик Текебаевдин саясат талаасына кайтуусун каалабай турат өңдүү...

"Акчалар уурдалган" деген жоромолдордон улам өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү жаңы жолдун курулушун Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган жумушчу топ иликтеп чыкмакчы. Жумушчу топ парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин демилгеси менен түзүлдү. Ош-Бишкек жолундагы кыймылды жеңилдетүү, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу максатында Бишкек-Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад багытындагы жаңы жолдун курулушу расмий түрдө 2014-жылы, 2-майда башталган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 433 чакырымды түзө турган бул жол 4 жылда курулуп бүтөрүн убада кылган.

Жолду акыркы күндөрү кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынган Кытайдын "Экспорт-Импорт" банкы каржылап, курулушту кытайлык "Чайна роуд" компаниясы ишке ашырып жатат. Алгач 850 миллион АКШ долларына 4 жылда курулуп бүтөт деп пландалган жолдун баасы акырындап отуруп улам көтөрүлүп, колдонууга берүү мөөнөтү алыстап кеткен. Жолдун курулушу башында пландалгандай 2018-жылы эмес, 2021-жылы бүтөт деп божомолдоно баштады.

Бишкек шаардык жылуулук электр борборун кытайлык компания менен өкмөт кантип жаңылаганы элге кеңири белгилүү болгон соң Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна карата да суроолор өскөн. Кытайлык компаниялар салган Бишкектин жолдорундагы асфальт кар менен кошо эрип кетип жатканын эске алсак, анда бул жолдун курулушуна көзөмөл күчтүү болушу зарыл. Жоо кеткен соң кылычты булгалап чыккандан пайда чыкпайт...

Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы биргеликте жарандарды тергөө абагында отуруудан куткаруучу илдеттердин тизмесин жарыялашты. Тергөө абагында кармоого болбойт деген тизмеге кургак учуктун оор түрлөрү, залалдуу шишиктин ар кандай түрлөрү, өнөкөт психикалык оорулар, эндокриндик системге байланыштуу илдеттер, бөйрөктүн жетишсиздиги, кант диабети өңдүү илдеттер киргизилди. Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол койгон бул токтом 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.

Кайсы бир кылмыштарга шектелип тергөө абагында жаткан жарандардын арасында ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылгандар көп. Өкмөттүн бүгүнкү токтому андайларга үмүттүн шамын жакты. Ошентсе да бул токтом жалпыга бирдей иштейби деген суроону жаратат. Кылмыштуу чөйрөдө атагы чыккан Азиз Батукаев "аз күндүк өмүрү калды, оор илдети бар" деп дарыгерлерден корутунду алып, ээн-эркин өлкөдөн чыгып кеткен сыңары, өкмөттүн бул токтому да байланыш-катышы же акчасы барларга гана иштеп калбас бекен?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан