Кыргыз мамлекетинин стратегиялык өнөктөшү Орусия бойдон калат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын пикиринде, тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо, элдин турмушун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү максаттары менен аныкталат. "Жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен достук жана бир туугандык мамилелерди чыңдоо биздин жарандарыбыздын турмушуна оң таасирин тийгизет. Бул жагдайды тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп карайбыз. Узак мезгилдердин сыноосунан өткөн достук мамилебиз, чогуу тарыхый тагдырыбыз бириктирип турган союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз - Орусия менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү - тышкы саясаттагы өзгөрүүсүз сакталчу приоритетибиз бойдон калат”, - деди өлкө башчысы.
Ошондой эле Кытай менен мамилебиз жакында эле стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөнүн кошумчалады.