Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов жооп берди.
Анын айтымында, президенттин бүгүнкү билдирүүсүнөн анын коррупцияга каршы күрөшкө катуу киришкенин билсе болот.
"Мен президенттин коррупция менен күрөштү негизги багыт катары тандап алганын туура кадам болду деп ойлойм. Муну коомчулуктун баары күткөн. Президенттин коррупция менен күрөшүүгө саясий эрк менен катуу киришкенин байкадым. Өлкө башчысынын жана тийиштүү органдардын эрки, чечкиндүүлүгү болсо, коррупцияга каршы күрөш жогорку деңгээлге чыгат деп эсептейм.
Учурда бардык коррупционерлердин иши каралып жатат дегенден алысмын. Бирок тийиштүү органдар иш алып барууда. Азыр баары коррупцияга аралашпай, корко баштады. Бул, албетте, жакшы. Бул күрөштүн натыйжалуулугу өлкө жетекчилигинен көз каранды", - деди Аманкулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Токторов, Сайдулла Нышанов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Жылдызкан Жолдошева, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикири төмөнкү шилтемеде.