Кыргыз элинин элдик оозеки чыгармаларын жыйноого өзүнүн чоң салымын кошкон белгилүү фольклорчу жана педагог Каюм Мифтаков 1892-жылы 28-июнда Башкыр Республикасынын Салават районунда (Уфа губерниясында) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Башталгыч билимди Башкыр жергесиндеги “Расулия” диний мектебинен алган. Ал 1911-1919-жылдарда Кустанай, Семей, Торгой, Жети-Суу өрөөндөрүндө иштеп жүргөн мезгилинде оозеки мурастардын маанисин терең түшүнүп, башкыр, татар, казак элдеринин оозеки чыгармачылыгын жыйнап, бир топ тажрыйба топтогон. Кыргыз фольклорун жыйноо, аны изилдөө, аларды мазмуну, тематикасы жана жанрдык өзгөчөлүктөрү боюнча бир тартипке келтирүү иштерин жасап көп эмгектенген. 1920-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин ал Кыргыз жергесинин бардык айыл-кыштактарын кыдырып чыгып, жүздөгөн басма табак көлөмүндөгү оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнаган. К.Мифтаков 1920-жылы Таластын Грозный районунда мектеп директору болуп иштеп турганда ошол аймактагы акын-жомокчулардан ар түрдүү ырларды, Манастын күмбөзү тууралуу маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн.
1921-жылы Каюм Мифтаков Каракол уездине караштуу Тоң болушунун Төрт-Күл айылындагы мектепте кыргыздын оозеки чыгармачылыгын жыйноо боюнча кружок уюштурган. Бул Кыргыз жергесиндеги эң биринчи кружок болуп эсептелинет. Элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноого да мына ушул кружок биринчилерден болуп киришкен. Бул кружоктун мүчөлөрү Мифтаков менен Соронбаев 1922-жылы Нарын уездине барып оозеки чыгармачылыкты жыйноону башташкан. Элдик оозеки чыгармачылыктын ар кыл түрлөрүн, ошол кездеги чоң жомокчу Сагымбай Орозбаковдон "Манасты" биринчи жыйнагандардын бири Мифтаков болгон.
Каюм Мифтаков кыргыз фольклорун чогултууга катышуу менен катар 1920-жылдары оозеки чыгармачылыкты кантип жыйноо керектигин жана кыргыз элинин бай мурастары жөнүндө макала жазган. Ошол эле жылдары "Курманбек" менен "Жаныш-Байыш" эпосун жомокчу М.Мусулманкуловдон, "Саринжи-Бөкөй" менен "Кожожашты" С.Конокбаевден жазып алган. Ал кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгын жанрга, түргө бөлүштүрүүгө аракеттенген.
28-июнга карата жылнаама.