Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева жооп берди.
Ал коррупцияга каршы системдүү түрдө күрөшпөсө, анда күрөшүү толук кандуу болбойт деген пикирде. "Улуу державалар коррупцияга каршы күрөшүп келе жатышат. Бирок алар дагы коррупцияны түп тамыры менен жокко чыгара алышкан жок.
Албетте, коомчулук коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам бериши керек. Жалгыз бийлик өзү жетишпейт. Ошондуктан биздин жарандар маалым кат аларда, балдарын окууга өткөргөндө жана башка жагдайларда пара берүүнү токтотуусу зарыл. Мына ошондо коом тазаланат. Ал үчүн жарандардын укук талаасындагы билими күчтүү болушу керек. Бийлик коррупцияга каршы күрөшүүдө өч алуу айлампасынан чыгып, тандалма күрөштү токтотушу зарыл. Оппозицияга кугунтук жасалбашы керек", - дейт Жолдошева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Алмазбек Токторов, Сайдулла Нышанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикири төмөнкү шилтемеде.