ЖЫЛНААМА, 29-ИЮНЬ: Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 61 жашка чыкты

Бүгүн Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 61 жашка чыкты. Ал 1957-жылы 29-июнда Ашхабад облусундагы Бабарап кыштагында туулган. 1979-жылы Түркмөнстандын Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Бердымухаммедов медицина илимдеринин доктору, кесиби боюнча тиш доктур. 1997-жылы Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. 2001-жылы Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2006-жылы ноябрда Минскте өткөн ШКУнун саммитине Түркмөнстандын атынан барган. Ошол эле жылы декабрда түркмөн президенти Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткан соң, Бердымухаммедов президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. 2007-жылдын 11-февралында президенттик шайлоодо 83 пайыз добуш менен жеңишке жетип, Түркмөнстандын экинчи президенти болуп калган. Президент болгондон кийин эң биринчи жарлыгы менен орто мектептерде он жылдык билим берүүнү калыбына келтирген.

Үй-бүлөсү тууралуу

61 жашка чыккан Гурбангулы Бердымухаммедов жубайын коомчулукка эч качан көрсөткөн эмес. Анын Сердар аттуу уулу, 3 кызы жана неберелери бар.

Буга чейин туулган күнүн кандай өткөргөн

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 2013-жылы 56 жашын Каспий деңизинин жээгиндеги “Аваза” туристтик аймагында белгилеген. Анда дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздары ачык асман алдында концерт берип, түркмөн башын куттукташкан. Коноктордун алдына алгач ырчы Филипп Киркоров чыгып ырдап, президентти түркмөн тилинде куттуктаган. Ошондой эле өлкө башчыны жылдыздар Сати Казанова, Ани Лорак, Мустафа Сандал, Нанси Аджрам, “Рефлекс” тобу куттукташкан. Кеченин кульминациялык бөлүгү болуп дүйнөгө белгилүү поп ырчы Женнифер Лопестин Гурбангулы Бердымухаммедовду куттуктап, “Happy birthday, mister president” ырын ырдаганы болгон. Ал эми Түркмөн президенти 2017-жылы 60 жашка чыкканда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев ага туулган күнүнүн урматына асыл тукум жылкы тартуу кылган.

Гурбангулы Бердымухаммедов күлүк бакканды абдан жакшы көрөт. Анын тулпар минип жөн гана сейилдебестен ат жарышка катышкан учурлары да болгон. Түркмөнстандын президентинин күлүгү 2013-жылы түркмөндөрдүн ат чабыш майрамында 1-орунду ээлеген. Күлүктү байгеге президент өзү минип чаап, жыйынтыгында 1-орун үчүн сайылган 11 миллион долларды утуп алган. Түркмөнстандын маалымат каражаттары жарыялагандай, “Устаттын жарышы” аттуу бул жарышка 7 чабандес катышкан. Бердымухаммедов утуп алган байгесин материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн “Түркмөн аттары” мамлекеттик бирикмесине берерин айткан.

29-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан