Жантөрө Сатыбалдиев өзүн Маалымат-байланыш технологиясы боюнча өкмөттүн алдындагы кеңештин төрагасы кылып дайындады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Маалымат-байланыш технологиясы боюнча өкмөттүн алдындагы кеңештин төрагасы болуп дайындалды. Ошондой эле аталган кеңештин тизмеси да өзгөрүп, жарлыкка өкмөт башчы өзү кол койду. Премьер-министр төрага, ал эми вице-премьер-министр төраганын орун басары болуп дайындалса, Маалымат-байланыш технологиясы боюнча өкмөттүн алдындагы кеңештин мүчөлөрү болуп төмөнкү ведомстволордун жетекчилери кирди: Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, УМККнын төрагасы, Транспорт жана байланыш министри, Адилет министри, Каржы министри, Мамлекеттик каттоонун төрагасы, Өкмөттүн алдындагы байланыш агенттигинин директору, "Кыргызтелеком" ААКсынын төрагасы, Программалык камсыздоо жана иштеп чыгуу боюнча ассоциациясынын төрагасы, Байланыш операторлорунун ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу, "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан