Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна жарандык активист Жеңиш Молдокматов жооп берди.
Ал президентке карата сын-пикирлер өлкөнүн экономикасынын өсүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча айтылышы керек деген пикирде. "Казакстандык активистти экстрадициялоо чечими чыкканы боюнча сын-пикирлер айтылып жатат. Бул айтылган сындар президенттин мамлекет ичиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Албетте, ар бир жарандык активисттин позициясы болушу керек. Негизи баарына жагуу кыйын. Президенттин ишмердүүлүгү бир активистке карата чыккан соттун өкүмүнө байланбайт. Учурда эки жаатка бөлүнүп калдык. Бири президент сот ишмердүүлүгүнө аралашышы керек деп талап кылат. Экинчиси аралашпаш керек дейт. Идеалдуу демократиялык мамлекетте президент сот системине аралашпоосу зарыл. Сот көз карандысыз орган болуш керек.
Мамлекет башчысына сын-пикирлер өлкөнүн ичинде жүрүп жаткан саясатка байланыштуу айтылышы керек. Экономиканын өсүшү, коррупцияга каршы күрөшүү кандай жагдайда жүрүп жатканы боюнча баа берүү зарыл", - дейт Молдокматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Акылбек Жамангулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Даниел Кадырбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.