Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Сооронбай Жээнбеков мурунку президент, досу Атамбаевдин жолун улагандай сезилип жатат"

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Токтонасыров азыркы президент өзүнүн ишине толук кандуу кире албай жаткандай сезилет деген оюн билдирди. "Президент бир туруп сүйүндүрүп, бир туруп күйдүрөт. Сүйүндүргөнү коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөткөнү. Ал эми күйдүргөнү башкача кадамдарды жасаганында болуп жатат. Ал өз жолун таппай, түз жолго түшө албай жаткан адамдын образын элестетет.

Жогорку Соттун Аида Саляновага карата чыгарган чечиминен улам президентке нааразы болуп калгам. Сооронбай Жээнбеков мурунку президент досу Алмазбек Атамбаевдин жолун улагандай сезилип жатат. Казакстандык жарандык активист Кыргыз мамлекетинде адам эркиндиги, сөз эркиндиги бар, мени колдойт деп келиптир. Анын ишенимине суу септик. Бул жерде жеке адамдын тагдыры эмес, дүйнө жүзүнө уят болдук. Мындан кийин бизге башкалар ишенбей калышат", - дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Акылбек Жамангулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Даниел Кадырбеков, Адил Турдукулов, Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан