Бүгүн, 28-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстандык жарандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев аталган өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту аны экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон эле. Адегенде өткөрүп берүү процедурасы бир айдай мөөнөттү алат деп жатышкан. Бирок сот чечими 25-июнда чыгып, эртеси эле УКМК Казакстандын укук коргоо органдарына блогерди өткөрүп бергени кечээ, 27-июнда билинди.
Муратбек Тунгышбаев Казакстанда куугунтукка алынып жатканын жүйө кылып Кыргыз мамлекетине 2014-жылы көчүп келген жана жакын арада саясий баш паанек алмакчы болуп турган. Бирок ушул жылдын 10-майында Казак бийлигинин өтүнүчү менен Бишкекте кармалып, камакка алынган. Ал Казакстанда “кылмыш тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо” жана сот тарабынан экстремисттик деп табылган “биримдиктин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана каржылоого” шектелип жаткан. Тунгышбаевдин катыштыгы бар делген биримдик “Казакстандын демократиялык тандоосу” деп аталган кыймыл болуп саналат жана ал чет жерде жашаган экс-банкир Мухтар Аблязов тарабынан түзүлгөн.
“Human Rights Watch” эл аралык укук коргоо уюму Тунгышбаев мекенинде репрессияга кабыларын айтып, Кыргыз бийлигин Казак тарапка аны өткөрүп бербөөгө чакырган. Бул чакырыкты колдогондордун катарында Кыргыздын укук коргоочулары жана жарандык активисттери да бар болчу. Казак тарапка блогердин өткөрүп берилгендиги белгилүү болгон соң президент Сооронбай Жээнбеков кескин сынга алына баштады.
Коомдук активист Даниел Кадырбековдин айтымында, мамлекет башчы тышкы саясатта чет мамлекеттин буйругун аткарып, саясий качкынды экстрадициялады. "Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү, реформа жана башка тууралуу канча каалаганча сүйлөй берсин. Бирок иш жүзүндө Муратбек Тунгышбаевдин мисалында мунун баары сөз эле экенин далилдеди", - деп жазды Кадырбеков өз билдирүүсүндө. Коомдук активист президентте да, Жогорку Кеңеште да саясий буюртмаларды аткарган сот, прокуратура кызматкерлеринен арылууга мүмкүнчүлүк болгонун негиз кылат. Саясий баш паанек сурап келген адамды өткөрүп бербөө керектигин айткан Кадырбеков президент элдин ишенимин жогото баштаганын билдирди. Дагы бир жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, казакстандык активистке чыккан чечим - бул коңшу авторитардык мамлекеттерден анчалык айырма жок дегендин белгиси...
Канат Исаевдин Токмок шаарында мэр болуп турган кезиндеги кылмыш ишин Бишкек шаардык соту эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу токтотту. Саясатчы менен кошо биринчи инстанцияда соттолгондор сот залынан бошотулуп, Исаев камакта калды. Кезекте анын Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурунда козголгон кылмыш иши турат.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Бул кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан 2011-жылы козголгон. Ортодо унутула түшүп, 2016-жылы Исаев Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыккандан кийин кайра жанданган. Атүгүл ошол учурда саясатчы “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен да кеткен.
2017-жылы октябрда президенттик шайлоонун үгүт кампаниясынын жүрүшүндө Канат Исаевге Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин ачып, "президенттик шайлоо учурунда бийликти басып алууга камынган" деп камакка алынган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Исаев күнөөлүү деп табылса, 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга чейинки Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровго карата чыккан чечимдерди эске алсак, Канат Исаевдин экинчи кылмыш иши боюнча өкүм бүгүнкүдөй саясатчынын пайдасына чечилбей калышы деле мүмкүн...