Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков абактагы саясатчылардын ишин кайра карап чыгуу боюнча оюн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-июнда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдын алдында Кыргыз жарандары баары бирдей болушу керек. "Мыйзам адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин көрсөтүшү зарыл. Биз ошондо гана өнүгөбүз. Адилеттүү сот, прокуратура болсо биздин ишибиз алдыга жылат. Кечээ Канат Исаевдин соту болду. Жыйынтыгын көрдүңөр адилеттүү сот болуу үчүн баарыбыз күрөшүшүбүз керек", - деди спикер.