Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун алкагында 1-июль күнү Москвадагы "Лужники" стадионунда Испания-Орусия беттеши орун алган. Аталган беттеште Орусия улуттук курама командасы жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп пенальтилердин жыйынтыгында жеңишке жеткен.
Бул оюнда өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп курама командага жеңиш алып келген дарбазачы Игорь Акинфеев болгон. Ал испаниялык Яго Аспас узаткан соккуну сол буту менен талаа сыртына чыгарып Орусияга жеңиш алып келген.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар Акинфеевдин топту тоскону Дүйнө чемпиондугу башталганга чейин жарык көргөн 100 рубль номиналындагы банкнотко түшүрүлгөнүн жазып чыгышты. Акчага түшүрүлгөн сүрөткө келсек, анда оюнчу топту сол буту менен тоскону түшүрүлгөндүгүн байкоого болот. Айрым интернет колдонуучулардын айтымында акчага түшүрүлгөн бул сүрөт Орусия улуттук курама командасынын беттештеги тагдырын алдын ала чечип койгондой.