1-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы беттештер уланат. Анда Москва шаарынын "Лужники" стадионунда Испания-Орусия беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Бьорн Кейперс (Голландия) болмокчу. Айта кетсек, жарым чейрек финалга Франция жана Уругвай курамалары өттү.
19:48. Испания курамасынын тизмеси:
19:51. Орусия курамасынын тизмеси:
19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Испаниянын гимни жаңырды.
19:56. Орусиянын гимни "Лужники" стадионунда жаңырды. Командалар беттешти баштоого даяр.
19:57. Бул беттеште Игорь Смольников оюн талаасына чыкпайт, анткени тайпалык баскычта кызыл айып кагазын алган.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Испания курамасы топту оюнга кошту.
20:01. Алгачкы мүнөттө испаниялыктар чабуулга чыгып, Серхио Рамос айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгач орусиялыктар болду.
20:02. Жорди Альба жалгыз чабуулга чыгып, топту тарттырып жибергенге үлгүрдү.
20:03. Александр Головин командасына бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн алып келди. Аны Самедов аткарып, айып аянтчадан өнөктөштөрүн тапкан жок.
20:04. Юрий Жирков алыстан сокку узатып, таамай болгон жок.
20:05. Испаниялыктар төмөнкү ылдамдык менен чабуулга чыгып, азырынча атаандашынын айып аянтчасына кирип баруу аракетин көрүүдө.
20:06. Орусиялык футболчулар топту тартып алып, дароо контр-чабуулга чыкты. Дзюба талаанын орто бөлүгүнөн чабуулга чыгып, топту алдырып жиберди.
20:07. Самедов талаанын орто бөлүгүндө эреже бузуп, топту испаниялыктар алды.
20:10. Го-о-о-о-л! Испания курамасы алдыга чыкты. Айып аянтчага көтөрүлгөн топту, Игнашевич өз дарбазасына киргизип алды.
20:12. Орусия дароо чабуулга чыккан, бирок Артем Дзюба офсайд абалында болуп калды.
20:13. Роман Зобнин алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан жогору өттү.
20:15. Топ испаниялыктарда, алар азырынча атаандашынын коргоо бөлүгүнө өтүүгө аракет кылып жатат.
20:17. Топко Испания курамасы 75 пайыз көзөмөл кылууда.
20:21. Серхио Рамос оюн эрежесин бузуп, Орусия курамасы кооптуу жерден айып сокку аткарат.
20:22. Самедовдун айып аянтчага көтөрүп берген тобуна алгач коргоочулар жетип, топту айып аянтчадан чыгарып салышты.
20:24. Жорди Альба Исконун чыгарып берүүсүнө жетпей калып, жакшы мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды.
20:27. Испан футболчулары атаандашын кысымга алып, атаандашынын дарбазасына жакындап барууда.
20:38. Пике айып аянтчанын ичинде колу менен ойноп, Орусия пенальти аткарат. Жерар Пике айып кагаз менен белгиленди.
20:39. Пенальтини Артем Дзюба аткарат.
20:40. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Артем Дзюба таамай болуп, Де Хеага тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
20:42. Самедов оюн эрежесин бузду, испаниялыктар чабуулун улантат.
20:44. Иско айып аянтчанын жанынан топту кабыл алып, 1 коргоочунун алдап кубаттуу сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
20:45. 1-тайм аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
20:46. Диего Коста Акинфеев менен бетме-бет кез келип, сокку узатты. Бирок Акинфеев командасын сактап калды.
20:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга кетти.
21:03. Башкы калыс 2-таймга старт берди. Топту бул ирет орусиялык футболчулар оюнга кошту.
21:04. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Юрий Жирковдун ордуна Владимир Гранат оюнга кошулду.
21:10. Кутепов оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Испания айып соккуну аткарат.
21:11. Марко Асенсио айып соккуну аткарып ийгиликсиз болду. Бирок испаниялыктар топту тартып алып, чабуулун улантууда.
21:12. Самедов Рамос менен түртүшүп, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
21:14. Орусиялыктар топту бурчтан чыгарып, бул мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калышты.
21:17. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Денис Черышев оюн талаасына Самедовдун ордуна чыкты.
21:20. Испания тез контр-чабуулга чыгып, бирок Диего Коста офсайд абалында болуп калды.
21:21. Орусия курамасында акыркы алмаштыруу орун алды. Артем Дзюбаны Фёдор Смолов алмаштырды.
21:22. Головин айып аянтчага кирип келип, ийгиликтүү кыймыл аткарууга үлгүрбөй калды. Топ испаниялыктардын көзөмөлүндө.
21:24. Испания курамасында алмаштырды. Давид Сильванын ордуна Андрес Иньеста чыкты.
21:25. Соккулар боюнча статистика: Испания - 8, Орусия - 5.
21:26. Испания курамасында алмаштыруу. Начо жаракат алып, Даниэль Карвахаль оюн талаасына чыкты.
21:27. Роман Зобнин оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.
21:29. Топко ээлик кылуу боюнча статистика. Испания - 72 пайыз, Орусия - 28 пайыз.
21:30. Сергей Игнашевичтин өнөктөшүнө берген чыгаруусу таамай болбой, испаниялыктар топту бурчтан кошот.
21:33. Орусиялыктар тез контр-чабуулга чыгып, ийгиликтүү боло алган жок. Зобнин топту атаандашына алдырып жиберди.
21:35. Испания курамасында алмаштыруу. Яго Аспас Диего Костаны алмаштырды.
21:37. Исконун айып аянтчага көтөрүлгөн чыгаруусун коргоочулар оюн талаасынан чыгарды.
21:38. Марко Асенсио топту бурчтан чыгарып, топто алгач коргоочулар болду.
21:41. Иньестанын айып аянтчадан сырткары таамай узаткан соккусун Акинфеев секирип тосуп калды. Андан соң Аспас сокку узатканга жетишип, бирок таамай болбой калды.
21:43. Орусия курамасы тез контр-чабуулга чыгып, бирок сокку узатканга жетишкен жок. Бул учурда коргоочулар мыкты оюн көрсөтүштү.
21:45. Денис Черышев оюн эрежесин бузуп, испаниялыктар айып сокку аткарат.
21:46. Испаниялыктар топту бурчтан чыгарып, коргоочулар топту оюн талаасынан чыгарды. Испаниялыктар 2-мүмкүнчүлүгүн алды. Бирок аны менен дагы испаниялыктар колдоно алган жок.
21:47. Калыс беттешке 4 мүнөт убакыт кошуп берди.
21:49. Орусиялыктар топту орто бөлүктөн тартып алдып, топ Смоловго чыгарылып берди. Ал айып аянтчадан сырткары сокку узатып таамай боло албай калды.
21:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 2-тайм аягына жетти. Эсеп 1:1 болгондуктан командалар дагы 15 мүнөттөн 2 тайм ойношот.
21:56. Калыс 1-кошумча убакытка старт берди.
21:58. Азырынча Испания курамасы чабуулда.
22:00. Орусия курамасы топту алып, дароо испаниялыктарга алдырып жатышат. Ал эми Испаниянын чабуулу ийгиликтүү болбой жатат.
22:01. Коке алыстан сокку узатып, таамай боло алган жок.
22:02. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Александр Ерохин Далер Кузяевди алмаштырды.
22:05. Марко Асенсио орусиялыктарды таамай соккусу менен тынчсыздандырды. Бирок анын соккусун Акинфеев тосуп алды.
22:08. Орусиялык коргоочулар жакшы оюн көрсөтүп атаандашына айып аянтчага кирип келүү мүмкүнчүлүгүн бербей жатышат.
22:10. Испания курамасында алмаштыруу. Марко Асенсионун ордуна оюн талаасына Родриго чыкты.
22:11. Головин оюн эрежесин бузуп, калыс испаниялыктарга айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүн берди.
22:12. Кошумча таймдын убактысы аягына жетип, калыс 1 мүнөт кошту.
22:13. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча тайм аяктады.
22:15. Калыс 2-кошумча таймга старт берди.
22:18. Родриго оң канаттан айып аянтчага кирип дароо сокку узатты. Анын таамай соккусун Акинфеев кайтарып командасын сактап калды.
22:20. Ерохин оюн эрежесин бузуп, Испания айып сокку аткарат.
22:21. Испаниялыктар стандарттык абал менен колдоно алган жок.
22:22. Кайрадан Испания курамасына каршы эреже бузулду. Испания айып сокку аткарат.
22:25. Смолов командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
22:29. Калыс 2-кошумча таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.
22:30. Калыстын ышкырыгы жаңырып, эми командалар пенальти сериясын аткарат.
22:34. Пенальтини алгач Испания курамасы аткарат.
22:35. 11 метрлик чийинге алгач Иньеста келип, таамай соккусу менен эсепти 1:0 кылды.
22:36. Орусия курамасынан пенальтини алгач Смолов тээп эсепти тең кылды. Пенальтилер эсеби 1:1.
22:37. Испания: Пике пенальтилер эсебин 2:1 кылды.
22:38. Игнашевич таамай болуп пенальтилер эсебин 2:2 кылды.
22:39. Испания курамасынан 3-соккуну Коке аткарып, Акинфеев топту тосуп алды.
22:40. Головин кубаттуу соккусу менен эсепти 2:3 кылды.
22:41. Рамос пенальтини мыкты аткарып эсепти 3:3 кылды.
22:42. Денис Черышев таамай болуп эсепти 3:4 кылды.
22:43. Яго Аспастын соккусун Акинфеев сол буту менен талаанын сыртына чыгара тээп, Орусияга жеңиш алып келди.
Муну менен Орусия курама командасы жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык баскычына чыкты.