Орусиянын банкы 100 рубль номиналындагы банкнот чыгарды. Бул саамалык 2018-жылы Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата жасалган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 100 рублдун бир тарабында өспүрүм баланын дүйнөгө таанымал футболчулардын баскан изин, алар жараткан эрдиктерин кайталагысы келгендиги сүрөттөлөт. Ал эми экинчи тарабында топтун сүрөтү тартылган. Сүрөттөгү топ - жер шарынын символу катары пайдаланылып, анда Орусиянын географиялык картасы түшүрүлгөн. Ылдый жагында Дүйнө чемпиондугуна катышуучу өлкөлөрдүн аталыштары тизмектелген.
Ошондой эле аталган купюра 20 миллион нускада чыгарылары айтылат малыматта.
Белгилей кетсек, масштабдуу оюндардын өткөрүлүшүнө карата спорттук үлгүдөгү акчаларды чыгаруу салтка айланып калган. Буга чейин кагаз эмес тыйындар чыгарылган. 2008-жылы бул эреже өзгөргөн, тагыраагы, Пекин Олимпиадасында спорттук үлгүдөгү кагаз акчалар чыгарылган. Андан кийин Сочиде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында 100 рубль чыгарылган.