Бактыбек Калмаматов: "Юсуповдун ким экени дагы бир жолу далилденди"
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов мародёрлук фактысын иликтеген депутаттык комиссия ЖКнын регламентин бузуп жатканына токтолду. Ошондой эле "Абдулла Юсуповго байланыштуу видеотасма кайсы бир депутаттар тарабынан эмес, Ички иштер министрлиги тарабынан даярдалды. Юсуповдун ким экени дагы бир жолу далилденип отурат. Бул тасманын чоо-жайы жакшылап иликтенсе, жакында Айсулуу Дүйшөнкулова, Рано деген аялдардын жүзүн жакындан көрүп калышыбыз мүмкүн",- деди депутат. Айта кетсек, бүгүн ЖКда Абдулла Юсупов менен бирге камакта отуруп чыккан Нургазы аттуу адамга ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн сурак, аталган адамдын көрсөтмөлөрү көрсөтүлдү.