Биринчи вице-мэрдин камалышы боюнча Бишкек шаардык кеңеши жыйын өткөрүүнү чече элек

Биринчи вице-мэр Ренат Макенов жана Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановдун камалышы боюнча Бишкек шаардык кеңеши жыйын өткөрүүнү чече элек. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев SUPER.KG порталына билдиргендей, кезексиз жыйын өткөрүү боюнча фракциялардан сунуш түшө элек.

"Фракциялардан азырынча сунуш түшө элек. Азыркы учурда шаардык кеңештин депутаттары каникулда. Каникул учурунда кезексиз жыйын фракциялардын сунушу менен гана өтөт. Сунуш түшсө бул маселени карайбыз", - деди Кененбаев.

Эске салсак, Макенов Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелүүдө. Бишкек шаардык прокуратурасы аталган жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда кылмыш ишин козгоп, Макенов 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан