Бүгүн Талас шаарындагы
К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында 5-театралдык
сезондун салтанаттуу түрдө ачылат. Сезондун ачылышы Иброгим Содикевдин чыгыш элдеринин легенда, анекдотторунун негизинде
жазылган “Апендинин беш катыны” аттуу комедия-тамашасы менен башталат. Спектаклдин
режиссёру - КРнын Маданиятынын мыкты кызматкери Илгис Жунусов, продюсери
- КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубан Эстебесов. Аталган комедия-тамаша
21-22-ноябрда саат 18-00дө башталат.