Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы азырынча мэрлик кызматка талапкерлер жок экенин айтты

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев азырынча мэрлик кызматка талапкерлер жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматка талапкерлер эми каралып баштайт. "3 күндүн ичинде премьер-министр шаардык кеңеш жөнөткөн токтомду карап чыгышы керек. Эгерде мэрге ишеним көрсөтпөө чечимин колдосо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн белгилейт", - деди ал.

Бүгүн шаардык кеңеш мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин бир добуштан кабыл алды. “Борбор калаанын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан мэрге ишеним көрсөтүлбөгөн учурда премьер-министр аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же шаардык кеңешинин чечими менен макул болбоого укуктуу.
Шаардык кеңеш мэрге кайра ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алса, 3 айдын ичинде премьер-министр аны ээлеген кызматынан бошотот.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы: "Азырынча мэрлик кызматка талапкерлер жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан