4-декабрда Улуттук китепканада Жогорку Кеңештин көчмө жыйыны өтөт
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 4-декабрда "Китепкана иши жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Иш-чара Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, катышуучуларды каттоо саат 9:30дан 10:00гө чейин болот.