Депутаттар күч органдарына ишке орношуу үчүн милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөө маселесин талкулашууда

Бүгүн парламентте “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, анда “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “КРнын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “КРнын Ички иштер органдары жөнүндө”, “КРнын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мыйзам долбоорунун автору - депутат Исмаил Исаков. Бул мыйзам долбоору аркылуу аскердик кызматтардын баркын көтөрүүгө шарт түзүлөт жана альтернативдик кызмат өтөгөндөргө укук коргоо органдарында иштөөгө жол берилет. Ошондой эле мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасындагы Бажы, Ички иштер министрлиги, Прокуратура органдарында жана Салык кызматына иштөө үчүн милдеттүү түрдө аскердик кызматка барып келиши керек деген жобо камтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан