Бүгүн Украинанын Киев шаарынын мэри, мушкер, профессионалдык бокс боюнча супер оор салмакта WBC'нин версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Виталий Кличко 47 жашка толду. Ал 1971-жылы 19-июлда Кыргыз ССРинин Беловодск айылында жарык дүйнөгө келген. Анын бою - 2 метр, салмагы - 112 килограмм. Мушкер беттештерин 35 жолу жеңиш менен жыйынтыктаса, анын ичинен 34ү нокаут менен аяктаган. Хоббиси: дайвинг, музыка угуу, шахмат ойноо.
Ал рингде "Темир муштум" ("Железный кулак") каймана атка ээ болгон. Виталий Кличко профессионалдык бокска 1996-жылы келип, иниси Владимир Кличко да ушул жаатты тандаган.
1999-жылы 25-мушташын өткөрүп, WBO`нун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган. Ошол эле жылы 25 беттешти нокаут менен уткан биринчи супер оор салмак категориясындагы Дүйнө чемпиону катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
2003-жылы бир тууган Кличколор биргелешип "Биздин фитнес. Чемпиондордун жөнөкөй сырлары" ("Наш фитнес. Простые секреты чемпионов") аталышындагы китебин спорт сүйүүчүлөрүнө тартуулаган. Ал эң көп окулган китептердин катарын толуктап, Лейпциг китептер жарманкесинде "Жылдын мыкты илимий-популярдуу китеби" сыйлыгын жеңип алган.
Андан туура бир жыл өткөн соң Крис Берд менен болгон беттеште утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган. 2005-жылы чоң спорттон кеткенин расмий жарыялаганы менен, бокс дүйнөсүнөн толугу менен кеткен эмес.
2006-жылы апрель айында мушкер Киев шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, саясатка аралаша баштаган. Учурда ал Киев шаарынын мэри кызматын аркалайт.
Элдин тандоосу менен мэр болуп шайланган Виталий Кличко коомдук транспортто жана велосипед менен жумушка баруудан уялбайт.
"Адам баласы дайыма "Ким күчтүү?" деген суроонун үстүндө ойлонуп келет. Атаандаштык, күрөшүү кумары адамзаттын тарыхында болуп келген. Рингде ооруксунуу деген жок - аны сезбейсиң. Эгерде жаракат алам деп корксоң, демек, бокс - сенин спортуң эмес. Бокс - бул эркектердин оюну. Спорттун бул түрүндө мүнөздүн туруктуулугу, эрктүүлүк, тырышчаактык жана чыдамкайлык маанилүү" дейт Виталий Кличко.
Легендарлуу жеңиши катары Дүйнө чемпиону Леннокс Льюис менен болгон беттеши эсептелип, ушундан кийин спортчулардын жана күйөрмандарынын арасында аброю жаңы деңгээлге көтөрүлгөн.
2012-жылы 8-сентябрда Москва шаарында Мануэл Чарр менен кез келип, 4 раундга чейин уланган беттеш Мануэлдин абалы начарлоосунан улам токтотулат. Ошентип Виталий Дүйнө чемпиону титулун коргоп калган. Бул легендарлуу мушкердин профессионалдык бокс боюнча акыркы беттеши болгон. Анын бул жеңиши рекорддук көрсөткүчтү жаңылап, ал үчүн Кличко WBC`тин "Түбөлүк чемпион" статусуна ээ болгон.
Виталий Кличко бир нече Украинанын улуттук сыйлыктарынын ээси. Ал "Сиңирген эмгеги үчүн" ордени, "Эрдиги үчүн" ордени жана "Украина баатыры" наамын алып жүрөт.
Үй-бүлөлүү. Жубайы - Наталья Егорова модель жана спортчу. 2011-жылы Германияда түгөйлөр "Жылдын түгөйү" аталышкан. Эки уулу - Егор, Максим жана Елизавета, Виктория ысымдуу кыздары бар.
Виталий Кличко учурда Киевдин мэрлигине экинчи жолу ат салышуу алдында турат. Ал өз кезегинде президент болуу сунушу түшкөндө бул боюнча убакыт келгенде сөзсүз түрдө ойлонуп көрөрүн жашырган эмес.
Бул жылы ал туулган күнүн Канаданын токоюнда белгилөөнү чечкен. Бул тууралуу Киевдин мэриясы тараткан маалыматтан белгилүү болду.
19-июлга карата жылнаама.