Жарандык активист Адил Турдукулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда ар кандай сунуштар айтылганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына айтып берди.
"Темирлан Ибраимов Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгын реформалоо тууралуу пикирин айткан. Президент бул актуалдуу маселе экенине токтолуп, Ибраимовго комиссия түзүп, ага жетекчи болуусун сунуштады. Сунушту Ибраимов кабыл алды. Ал эми Рита Карасартовага тамаша иретинде президенттик аппараттын жетекчиси болуп жатасыз деп күлдүрдү. Президент социалдык түйүндөгү жаңылыктарды окуп турганын байкадым. Өлкө башчысы Карасартовага президенттик аппаратты жетектегенге эрте экенин айтты. Мамлекеттик жумушта иштеш керектигин белгиледи. Жээнбеков Карасартованы президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуусун сунуштап, андан кийин көрөбүз деген оюн билдирди. Равшан Жээнбеков болсо соттук реформа тууралуу сунуштарды айтты. Ал соттук реформа боюнча комиссия түзүлүп, ага коомдун өкүлдөрү кошулушу керектигин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Равшан Жээнбековго комиссияга кирүүнү сунуштады", - дейт Турдукулов.