Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталынын бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы? деген соболуна президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жооп берди.
Ал азыркы учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат дегенге каршы экенин белгиледи. "Мен азыркы учурда коррупцияга каршы күрөшүү болуп жатат деген сөзгө толугу менен каршымын. Таң калычтуу шоу Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгендерге каршы багытталып жатат. Бул бузуку репрессиялардын бири. Атамбаевди коррупция боюнча күнөөлөгөнгө мүмкүн эмес. Ал таза, аны конкреттүү бир нерсе менен күнөөлөй алышпайт. Эл жакында чындык, калп кайда экенин түшүнөт. Коомчулук чыныгы коррупционерлер кимдер экенин жакшы билет", - деди Ниязов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Искендер Матраимов, экс-депутаттар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, юрист Таалайгүл Токтакунова, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.