Саясий серепчи Марат Казакбаев: "Атамбаевдин жакындары конкреттүү иштер менен кармалып жатышат"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталынын бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы? деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди.

Анын айтымында, Атамбаевдин жакын адамдарынын камалышы аны коррупцияга шектегенге негиз боло алат. "Баарыбыз көрүп жаткандай, Атамбаевдин кадрларына коррупция боюнча кылмыш иши ачылып, жоопко тартылып жатат. Эми баа бере албайбыз. Алар конкреттүү иштер менен камалып жатышат. Мисалы, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча коррупцияга шектелип жатат. Мүмкүн ЖЭБде авария болбосо бул иштер байкалбай калмак. Атамбаевдин жакын акыркы кадры Албек Ибраимов дагы камалды. Ал дагы конкреттүү иш менен "Дастан" ишканасы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде кармалды. Эми бул боюнча кылмыштын курамы бар же жок экенин укук коргоо органдары караш керек. Атамбаев анын жакын адамдарынын камалышын саясий куугунтук деп айтып чыкты. Бул сөз канчалык туура айта албайбыз.

Ар бир президент келгенде коррупцияга каршы күрөшөм деп өзүнүн программалары менен чыгып жатат. Азыркы учурда коррупцияга каршы күрөш боюнча чын эле иш жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтүшүбүз керек", - деди Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Искендер Матраимов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, юрист Таалайгүл Токтакунованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан