Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталынын бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы? деген соболуна юрист Таалайгүл Токтакунова жооп берди. Ал Албек Ибраимовго туура эмес берененин негизинде кылмыш иши козголгон деген пикирде. "Албек Ибраимовго 171-берененин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) негизинде иш козголуп жатат. Бул берене менен кылмыш ишин козгоо туура эмес. 171-берене менен эмес, 303-берене (коррупция) менен кылмыш иши козголуш керек. Анткени мүлктү ыйгарып алуу болгон жок. Бул жерде материалдык жана ар кандай дөөлөттөрдү, артыкчылыктарды укуксуз алуу болуп жатат. ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча Сапар Исаков же мурунку министрлер эле эмес, Атамбаев дагы жооп бериши керек. Экс-президент өзү дагы "саясий жоопкерчиликтин баарын өзүмө алдым" деп кайрылуу жасаган. Атамбаевдин буйругу менен аткарылган иш болгондуктан, анын дагы жооп берүүсү зарыл", - деди Токтакунов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Искендер Матраимов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.