КҮНСЕРЕП: Албек Ибраимовдун "урматына" 1 саатка уюлдук байланыш өчүрүлдүбү?

Бүгүн, 20-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кечээ күнү Биринчи Май райондук соту карап, аны 29-августка чейин камакта калтырды. Экс-мэр "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча шектелүүдө. Ал кылмыш иши “Дастан” ишканасын башкарып турган мезгилине туура келет. Андан тышкары Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупция фактысы, “Күнөстүү жээк” пансионатынын арзан сатылып кетиши боюнча кылмыш иштери иликтенип жатканы айтылган. Ибраимовду колдогон жакындары соттун алдына чогулушуп, чечимден кийин тарап кетишкен эле. Бүгүн эртең менен экс-мэрдин тарапташтары Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында чогулушуп, анын жыйынтыгында Албек Ибраимовдун укугун коргоо боюнча комитет түзүлдү. Жыйындын жүрүшүндө экс-мэр кандай кармалгандыгы тууралуу окуянын чоо-жайы да белгилүү болду.

Арашан айылынын тургундарынын айтымында, маскачан жана куралчан болгон УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 30дай кызматкери Албек Ибраимовду үйүнөн күч колдонуп алып кетишкен. Жашоочулардын бири Сабырбек Алкыштиев экс-мэрди кармоо учурунда анын жан сакчылары, үйдү сыртынан кайтарган күзөтчүлөрү жана жумушчулары сабалганын айтты. “Жан сакчыларынын бирин катуу сабаган экен, ордунан тура албай жатыптыр. Бул окуя видеотасмага тартылып калгандыктан, анын жаздыруусун да ала кетишти дешти. Андан сырткары Ибраимовду кармаган учурда уюлдук байланыш таптакыр жок болуп жатты” деди ал.

УКМК кечээ күнү Албек Ибраимов тергөөчүлөрдүн суракка чакыруусун кабыл албай, эгерде кармала турган болсо, куралчан каршылык көрсөтөрүн айтып коркутканын билдирген. Бүгүн арашандыктардын жогорудагыдай сөздөрүнөн кийин УКМКдан экс-мэрди кармоо ок чыгаруучу куралсыз жана атайын каражат колдонулбай жүргүзүлгөн деген маалымат таратылды. “Кайтаруучуларга күч колдонулган эмес. Ага алар тараптан доом жок деп берген көрсөтмөлөрү далил” деди УКМК. Ал эми бир сааттан ашык Арашан айылында уюлдук байланыш өчүрүлгөнү, 30дай атайын даярдыктагы кызматкерлер барганы тууралуу маалыматты төгүндөбөй комментарийсиз калтыруу менен УКМК Албек Ибраимовдун "урматына" мини операцияны ишке ашыргандыгын моюндады.

Ибраимовдун үйүнөн кармалуусу менен катар ал үй 33 гектардан ашуун жер тилкеде жайгашканы да талкуу жаратты. Арашан айылынын тургундарынын айтымында, бул турак жай экс-мэрге чоң атасынан калган. Ал эми жер тилкесинин аянтынын чоңдугу боюнча айыл тургундары өздөрү жерлерин Ибраимовго суранып жүрүп сатышканын айтышты. Кактус сайты Албек Ибраимовдун жубайына таянып, жер тилкенин аянты 50 гектардан көбүрөөк экенин жазды. Ал 3 чакырым 470 метрге созулган тосмо дубал менен курчалган. Буга байланыштуу учурда социалдык тармакта Ибраимов мынча гектарды кайсы акчага алган?” деген суроону кабыргасынан койгондор көп болууда. УКМКнын тергөөсүндө бул суроого да жооп табылар?..

Албек Ибраимовдун камакка алынышы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынып бүттү. Учурда ушул нерсе талкууга алынууда. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов коррупция беренеси боюнча камакка алынса, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча шектелүүдө. Исаков, Ибраимов, Кулматов – бул үч адам бир жыл мурда КСДП президенттикке талапкер көрсөтө электе талапкер болушу ыктымал дегендердин катарында болчу. Үчөө тең КСДПнын саясий кеңешине мүчө. Ар бирине карата кылмыш иши козголгондо жана камакка алынганда экс-президент тарабынан реакция болуп, билдирүү таратылып жатты. Анын биринде “ЖЭБди Кытайдын насыясынын эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде иш аткаруучу Кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү жана ошондой эле гранттык каражаттарды Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна багыттоо жөнүндөгү чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган” деген. Муну менен экс-президент жоопкерчиликтин жүгүн өзүнө да алган эле.

Мындан улам SUPER.KG порталы “Экс-президенттин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. Бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы?” деп суроо салды. Негиз боло албайт дегендер менен катар негиз боло алат дегендер да чыкты. Мыйзамга ылайык, экс-президент кол тийбестик укугуна ээ жана бул жагдайда кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Буга чейин Жогорку Кеңеште экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу керектиги көтөрүлүп, тиешелүү мыйзамды иштеп чыгууну депутат Исхак Масалиев сунуштаган. Май айынын соңунда аталган мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал коомдук талкууга коюлган. Жаңы иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамда экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн. Өзгөртүүгө ылайык, "экс-президент президент болуп турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт" деген бөлүгү толук алынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Башкы прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу чечилери көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш учурда каникулда. Эс алуудан кайткан парламентти көп иштердин катарында экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ача турган мыйзам долбоорун кароо иши да күтүп турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан