Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков 29 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү кандай өтүп жатканы тууралуу айтып берди.
"Туулган күнүм кечээ кечинде эле башталган. Түнкү саат 12де туулган күнүм менен алгачкылардан болуп келинчегим, продюсерим Канат Култаев жана сахналаш инилерим куттукташып, маанайымды көтөрүштү. Бүгүн да куттуктоолордун аягы суюла элек. Маанайым абдан сонун, бүгүнкү күн жеке менин гана эмес, бул күн мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энемдин да майрамы болуп эсептелет. Ошондуктан азыркы учурда келинчегим экөөбүз чакан белектерибизди көтөрүп алып ата-энемди куттуктоо үчүн баратабыз. Ал эми бүгүн кечинде жакын досторум менен туулган күнүмдү белгилейм".
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:
Сынактардан утканда «ушундай баланы жарык дүйнөгө алып келген ата-энесине рахмат» дешкенде аябай бактылуу болчумун. Бир күнү сынактан келип үйдөгүлөр менен тамак үстүндө отурганда «биздин туугандардан ким ырдайт?» десем, апам «мен студент курагымда Фрунзеге келип сынактарга катышып кетчүмүн» деп калды. Апамдын жообу мен үчүн да, атам үчүн да жаңылык болгон. Себеби экөөбүз тең апамдын ырдаганын ошондо биринчи жолу билгенбиз. 
Ошону менен унутуп калгам. 2016-жылдын 31-декабрында ата-энем менен агамдыкына конокко кетип баратканбыз. Эркин Рыскулбеков чалып "сыйлык кут болсун!" деп калды. "Эмне сыйлык?" десем, "сен Эмгек сиңирген артист наамын албадыңбы, мен дагы Ардак грамота алдым" деди. "Коюңузчу тамашалабай, сиз алсаңыз жарашат, мага али эрте го, ишенбейм" десем, "ишенбесең президенттин сайтын карап көрчү" деди. Агамдын үйүнө барып ал сайтты карасам чын экен. Ата-энем, туугандарым болуп аябай сүйүнүп, биз үчүн кош майрам болду. Туугандарыма "сыйлыкты колго алмайынча эч кимге жарыя кылбай тургула" дедим. Анан 6-мартта колго алгандан кийин баары куттуктап келе башташты.
Майрамбек Осмонов агабыз, Жамиля Муратова эжебиз да биз менен чогуу Эмгек сиңирген артист наамын алышты да. Майрамбек байке мага "Гүлжигит, сага артисттер, журналисттер эч нерсе дей элекпи?" дейт. "Азырынча байкай элекмин" десем, ал "эми байкайсың, биздин элдин ушундай жагы бар. Сен Майрамбек байкем айтты деп аларга жооп кыла жүр. Мисалы, мен кичинекей кезде Жамиля Муратова ырдап чыккан, сен кичинекей кезде мен ырдап чыктым. Эми наамды баарыбыз чогуу алып жатабыз. Бул деген, көрсө, өлүм сыяктуу турбайбы, бирөөнө эрте, бирөөнө кеч келет экен" деп күлдүрдү. 
1. – Спортко кызыгуума Жет Ли, Жеки Чан, Ван Даммдын кинолору түрткү болду.
2. – Машыгууга кызыгуу жаңы пайда болгондо 3 жыл оюмдун баары футболдо болду. Андан кийин сууда сүзүү менен бирге спорт залга тынбай барып жүрдүм. Азыр бокс, фитнес менен алекмин.
3. – Спорт менен достошконума 14 жыл болду. Залга аптасына 3-4 жолу барам.
4. – Спорттун кайсы түрү менен алек болбо башында кыйынчылыктар көп болот, таштап салгың келет. Тынбай көп жыл машыккандан кийин организм ошого көнөт. 5 жыл мурун сноуборд тепкенге киришкем. Тоонун башында, таза абада, өзгөчө кар жаңы жааганда барып тепсең сонун да. Сноуборд жаңы тээп баштаганда улам тоголонуп аябай кыйналдым. Экинчи теппейм деп коюп кайра барып жүрүп үйрөнүп алгам. Бүгүнкү күндө лыжа, сноуборд тепкен досторум менен тоого көп барып турабыз.
Ар бир адамды спорттун өзүнө жаккан түрү менен машыгууга чакырам. Себеби спорт жашоону узартат жана сулуулук тартуулайт.Гүлжигит Калыков 1989-жылы 23-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Мектепти Чүй облусунун Сокулук районунда аяктап, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономикадагы прикладдык информатика факультетине тапшырган.

2010-жылдын июль айында продюсер Канат Култаев менен иштеше баштаган. 2011-жылы режиссёр Нурлан Разакуловдун “Сулуулар жана миллион” деген тасмасында башкы ролдордун бирин жараткан. 2012-жылы 14-январда Түркияда Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр өлкөлөрү арасында өткөн "Евразия жылдызы" музыкалык сынагынын финалы болуп, Гүлжигит жеңүүчү деп табылган.
2016-жылдын 8-июлунда Айпери аттуу сулуу менен баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан.
23-июлдун жылнаамасы.