ЖЫЛНААМА, 23-ИЮЛЬ: Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев 51 жашка толду

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев 1967-жылы 23-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган. Ал 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

1990-1991-жылдары Ош облусундагы облустук аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында биринчи ротанын милиционери;

1991-1992-жылдары Ош облусунун ИИБинин баңгизатына каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн кичи инспектору;

1992-1993-жылдары Ош облусунда ИИМдин Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыкта опер кызматкердин жардамчысы;

1994-1995-жылдары ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын ага опер кызматкери;

1995-1998-жылдары ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын бөлүмүнүн опер кызматкери;

1998-2000-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактар аралык башкармалыкта опер кызматкери;

2000-2001-жылдары Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкери;

2001-жылы Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча ага опер кызматкери;

2001-2002-жылдары Ош облусундагы түштүк аймактык уюшулган кылмыштуу жана экстремисттик топторго каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын ага опер кызматкери;

2003-2005-жылдары ОШ ОИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы;

2006-2007-жылдары Ош боюнча Каржы полиция кызматынын бөлүм башчысы;

2007-2008-жылдары Ош боюнча Каржы полиция башкармалыгынын башчысы;

2008-2010-жылдары Каржы полиция кызматынын башчысы;

2010-жылы Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик каржы полициясы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2010-жылы Мамлекеттик каржы полиция кызматынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы;

2011-2012-жылдары Коррупцияга жана уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча башчысынын орун басары;

2012-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

2016-2018-жылы өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;

Быйыл 6-июлда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

23-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан