ЖЫЛНААМА, 24-ИЮЛЬ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакыт Шаршеев 48 жашка толду

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бакыт Шаршеев 48 жашка толду. Ал 1970-жылы 24-июлда Нарын облусунда туулган. 1989-жылы Фрунзе политехникалык техникумун гидротехник адистиги боюнча, 2005-жылы Нарын мамлекеттик университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1986-жылы Тянь-Шань МПМК-1де жыгач усталыктан баштаган. 1988-1996-жылдары – “Райайылремкурулуш” Тянь-Шань чарбалар аралык өндүрүш башкармалыгында жыгач уста, бригадир, устат катары эмгектенген. 1997-2001-жылдары “Нарын” эркин экономикалык аймагында коопсуздук кызматынын инспектору болуп иштеген.

Ал эми 2000-2002-жылдары – “Салкын-Төр” ЖЧКсынын директору болуп, 2001-жылы “Темир” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директорлугуна дайындалып, анда 2007-жылга чейин эмгектенген. 2007-2010-жылдары Winline ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.

2013-жылы "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

24-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан