Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча пикирин билдирди.
"Акун" пансионатында негизинен 3 куткаруучу иштейт. Эрежеге ылайык, 2 куткаруучу көлдүн жээгинде турушат. Бири тамактанууга кеткенде экинчиси күзөттө турат. Ал эми журналист сууга чөккөн маалда куткаруучулардын кайда болгондугун видеобайкоодон карап, текшерип жатабыз. Видеокөзөмөлдөн көрүнгөндөй жанындагылар Уланбек Эгизбаевдин сууга чөгүп баратканын байкаган эмес. Көлдүн жээгинде отурган келинчеги деле көргөн эмес. Бул деген кырсык. Куткаруучулар ошол эле жерде болгон. Ошон үчүн барып, жүрөгүнүн кагышын текшерип, биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Уланбек Эгизбаев суунун терең жеринен чөккөн эмес, тескерисинче, ал сүзө албагандыгы үчүн тайыз жерден эле чөгүп кеткен. Ал жер сүрөткө тартып алынды. Терең делген жер эки пансионаттын кошулган жери. Куткаруучулар дал ошол жерде турушат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт депутат Турсунбеков.
Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков буга чейин сууга чөккөндөр болгону менен, куткаруучулар аларды сактап калганын кошумчалады.
"Буга чейин сууга чөккөндөр болгон. Бирок куткаруучулар өз иштерин аткарып, аман алып калган. Ал эми Уланбек Эгизбаевдин киши колдуу болуп каза тапты дегенин тергөө далилдеши керек. Биз дагы тапшырма бердик, ошол жердеги окуяны көргөндөрдөн, уккандардан көрсөтмө алынып, видеобайкоо дагы тергөө кызматкерлерине өткөрүлдү", - дейт ал.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
Белгилей кетсек, "Акун" пансионаты депутат Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова жетектеген "Акун" компаниясына карайт.