Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева: "Журналисттик иликтөөдө ошол ишти алып барган топтун ар биринин коопсуздугу жогорку деңгээлде каралышы керек"

Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. SUPER.KG порталынын "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жооп берди.

Касымалиеванын айтымында, Кыргыз мамлекетинде иликтөө боюнча журналистика жакшы жолго коюлган эмес. "Уланбек Эгизбаевге окшогон эр жүрөк журналисттер өздөрү эле иликтөө иштерин жүргүзүшөт. Бул жерде алардын коопсуздугу дайыма системдик түрдө жакшы жолго коюлушу үчүн алар бир командада иштеши зарыл. Команда менен иштегенде коопсуздук жагы да каралат. Мисалы, Уланбек Эгизбаев ушундай иликтөөчүлүк журналистиканы түптөп кетти. Бош конверт же коркутуулар болгондо редакцияга кайрылышы керек. Журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан топтун ар биринин коопсуздугу жогорку деңгээлде каралышы зарыл. Өкмөт, коопсуздук органдары тарабынан алдын ала каралышы абзел. Ал эми Уланбек Эгизбаевге ошондой коркутуулар болуп жатканда ал өзү жалгыз калып калды. Көрдүңүздөрбү, алар коркутууну бош конверт аркылуу жөнөткөн. Ошондой учурда журналисттин коопсуздугу үчүн милиция кызматкерин же коопсуздук органдары кызматкер бөлүп бериши керек. Буга кайдыгер караган болбойт", - деди Касымалиева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, журналисттер Нарын Айып, Сыргак Абдылдаев, Султан Каназаров, Кабай Карабековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан