Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков: "Коррупция менен күрөшкөн журналисттердин тоосу, кармана турган бутагы жокко эсе"

Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. SUPER.KG порталынын "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Жээнбеков маалымат каражаттары басым көрсөтүлгөндө коомчулукка, журналисттик ынтымакка таянышы керек деген пикирде.

"Демократиялык мамлекеттерде журналист мыйзамга, укук коргоо органдарына жана мамлекеттеги институттарга таянат. Тилекке каршы, бизде бардыгы деградация болуп калган. Ошондуктан бийликтеги коррупция менен күрөшкөн журналисттердин тоосу, кармана турган бутагы жокко эсе. Кээ бир убакта саясатчылар комитеттерди, коргоо уюмдарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Алардын деле күчү жок. Ошондуктан азыркы бийлик маанилүү, системдүү, түзүмдүк реформаларды жасашы керек. Эгерде ошол реформаларды жасабаса, азыркы бийликтин дагы келечеги кеткен бийликтей болуп калат", - деди Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, журналисттер Нарын Айып, Сыргак Абдылдаев, Султан Каназаров, Кабай Карабековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан