Журналист Сыргак Абдылдаев: "Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин укугун коргоо кыйын"

Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. SUPER.KG порталынын "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген соболуна журналист Сыргак Абдылдаев жооп берди.

Анын айтымында, көп нерсе өлкөдөгү саясий кырдаалдан жана журналисттин өзүнөн көз каранды.

"Журналистке басым болгондо алар бейөкмөт уюмдун укук коргоочуларына, акыйткачыга же сотко кайрылышы керек. Бирок акыйкат чечим чыгат деп күтпөй эле койсо болот. Кыргыз мамлекетинде акыйкат издөө натыйжасыз. Ошондуктан мен маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдарга кайрылууну сунуштайм. Ошолордон салмактуу колдоо күтсө болот", - деди Абдылдаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, журналисттер Нарын Айып, Султан Каназаров, Кабай Карабековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан