Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. SUPER.KG порталынын "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген соболуна журналист Султан Каназаров жооп берди.
Ал Уланбек Эгизбаевдин мисалында иликтөөчү журналистика чындыгында жыйынтык бере ала турганына ынанганын айтты. "Жалгыз 30 жашка чыга элек жигит бизге, бардыгыбызга коррупция менен кантип күрөшүш керек, коомдогу көйгөйлүү маселелерди кантип ачуу зарыл дегендин үлгүсүн көрсөттү. Чындыгында акыркы кезде Кыргыз журналистикасы мен журналистмин деп айтууга тартына турган нерсе болуп калган. Себеби саткын, бирөөгө микрафон сунса акча үмүттөнгөн, өзүнүн бир кичинекей кызыкчылыктарын көздөгөн журналисттер көп болуп кетти. Ал эми Уланбек Эгизбаевге окшогон журналисттер болгондо мен журналистмин деп сыймыктанып айтса болот. Бийликтегилер резонанс жараткан иликтөөлөр боюнча текшерүү уюштуруш керек деп эсептейм. Журналисттер "Массалык маалымат жөнүндөгү" мыйзамды так аткарышыбыз керек. Ошол жердеги журналисттерди коргоо нормалар бар. Тилекке каршы, иликтөөчү журналисттердин чындыкка болгон салымын баалабай келе жатабыз. Бардыгыбыз көйгөйлөрдү айтып чыккан журналисттерди коргоо маселесин дагы ойлонушубуз керек", - деди Каназаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, журналисттер Сыргак Абдылдаев, Нарын Айып, Кабай Карабековдун пикири төмөнкү шилтемеде.