Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. SUPER.KG порталынын "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген соболуна журналист Кабай Карабеков жооп берди.
Карабеков журналист эч кимге таянбай, фактыга таянышы зарыл деген оюн билдирди.
"Эч кимге таянбай фактыларга таянышы керек. Журналисттердин жумушу кандай шартта, кимдин бийлиги болсо дагы ишин аткарышы зарыл. Маалымат каражаттарына басым дайыма болот. Ал учурда мыйзамга таяныш керек. Бирок соттор кантип иштеп жатканын жакшы билем. Бизде сот бийлиги жок, алар бийликтин колу болуп иштей беришет", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, журналисттер Сыргак Абдылдаев, Султан Каназаров, Нарын Айыптын пикири төмөнкү шилтемеде.