Депутаттар жашы жете элек балдарды зордуктагандарга жазаны күчөтүү маселесин карашты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, бул мыйзам долбоору жашы жете элек балдарды зордуктаган кылмышкерлердин жазасын күчөтүү максатында иштелип чыккан. Талкууда айрым депутаттар мыйзам долбоордо жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жыныстык зордуктоо кылмыштары үчүн 20 жылга чейинки жаза чарасы каралып, бирок жазанын минималдык мөөнөтү көрсөтүлбөй калгандыгын белгилешти. "Мындай так эмес жоболор сот органдарындагы коррупцияга жол ачат" деген пикирлер айтылды. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан