Биз социалдык тармакта

Нарында журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 24-июлда журналист Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында өтүп, сөөгү жерге берилди.

Мезгилсиз каза болгон журналистти акыркы сапарга узатууга бийлик өкүлдөрү, экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, коомдук активисттер жана маркумдун кесиптештери барышты. Ошондой эле топурак салуу үчүн ар кайсы маалымат каражаттарынын кызматкерлери барышты.

Экс-президент Роза Отунбаева жаш кеткен журналистти эскерип жатып буларга токтолду.

"Ойлоп көргүлөчү, силер 28 жашыңарда эмнени жасап бүтүрдүңөр эле?! Уланбек Эгизбаев 28 жашында өзүнүн жазгандары менен Кыргыз жергесин титиретип, өзүнүн калеми менен планетанын бардык бурчуна чейин таанылып жүргөн", - дейт Отунбаева.

Айта кетсек, Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

2015-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган.

2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.

"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
nurikkg88
2018-07-24 11:53:58
Уланбек Эгизбаевке борбордук аянтка эстелик тургузуш керек ким колдойт?
+29
Pandora
2018-07-24 11:54:05
Тируу кезинде таасирдуу жана корупцияга чын дилинен каршы адамдар жаш баланы колдоп,коштоп канатынын астына алыш керек эле.Эми туштон кийин баары тыты,пыты деп,карапайым эл "биз сен менен "-деген менен колунан эч нерсе келбейт,азыр акчалуунун заманы.
Ичим туз куйгандай ачышып,жаман эле болуп жатам((( Ата-энесине сабыр....
+16
Pandora
2018-07-24 11:56:15
Нарын Айыптын созуно кошуламын,эгер журналисттердин баары корупция боюнча суйлоп чыкканда жеп жутурлардын шаштысы кетип калмак.
+18
zhanka1234
2018-07-24 11:58:23
Мумкун дагы бир нерсени иликтеп билген анан эртерээк козун тазалайлы дешти да шумшуктор. Жаткан жери жайлуу болсун
+19
iaau
2018-07-24 12:29:39
Ата-энеси, бир туугандарына жалпы эле кыргыз журтчулугуна сабыр. Эн керектуу, кыргыздын мыкты, патриот жигитинен айрылдык. Кудайым бейишинен беруусун суранабыз. Козубузго жаш алгандан башка эч нерсе кыла албайбыз.
+8
bond02
2018-07-24 12:32:14
Ушул Отунбаеваны суйлотпой эле койгулачы, суйлой турган эркек калбадыбы башка.
+7
Jelezo
2018-07-24 13:49:38
bond02,Антип айтба экөөбүдү эч ким тааныбайт Отунбаеваны дүйнө тааныйт. Уландын бейиши болсун.айла жок башка колубуздан эч нерсе келбейт
+6
Chagylgan1
2018-07-24 14:23:24
Jelezo, Отунбаеваны дуйно эмне деп тааныйт?!! Ош окуясынын келип чыгышына, жуздогон адамдар каза болушуна жол берген Окмот башчы деппи?!!
-3
Nuri1988Elim2010
2018-07-24 12:52:07
Жаткан жери жайлуу болсун.Ата энесине кыйын болду.Баласын жоготуу канчалык оор.
+5
Mamiev
2018-07-24 13:51:03
Билбегенге катардагы Кыргыз өлдү. Билгенге чыркырап чындык олду.Жайын жаннаттан болушун дуа кылабыз тууган.
+8
aydinnur
2018-07-24 13:57:27
Жайы жаннаттан болсун ((!Бири кем дүйнө деген ушул да ((
+3
Akylai_aktan
2018-07-24 14:07:43
Ата энеси , жубайы кантти экен.Кош!деп айтыш канчалык оор.
Бардык кыргыз эли кайгырып турабыз.Эми жок дегенде жакында жарыкка келуучу туягына тийбегилечи жеп жутарлар!Озу чогуп олгонуно тук ишенбейм
+4
Akylai_aktan
2018-07-24 14:09:48
Журналисттерге "Улан Эгизбаев" атындагы сыйлык берсенер болот.Улан мырзанын аты очпосун
+4
Chagylgan1
2018-07-24 14:21:33
Эл суйлосо да Отунбаева суйлобосунчу!!! Ош окуясында жуздогон адам каза болуп, минден ашуун адам жаракат алуусунда Отунбаеванын "салымы" бар, Окмоттун и.о. жетекчиси катары......
-1
Rasul94
2018-07-24 18:25:18
Чырактай жигитти жок кылдынар.кан корлор
Акмактар айбандар
+3
Pchelka85
2018-07-24 23:18:29
Аттин ай... откондо корустондогу коррупция жондо иликтегенин коруп тайманбастыгына, курчтугуна, суроолору менен ар бир чиновникти кайсалактатып койгонуна тан ьердим эле.. арман дуйно ай.. ушуну кылгандар Кудай бар экенин унутушпаса экен. Бир куну болбосо бир куну Кудай алдында жооп берээр кун да келээр.. Улан, канча деген адамдарды, мекендештериндин кабыргасын кайыштырып кете бердин го.. жаткан жерин жайлуу болсун... сени лично тааныбасам да, коодонум ызага толуп турат....
+2
Milashkaa
2018-07-27 22:01:17
Журналисттер ынтымагы жок экен. Бирөө да ооз ачпайт го деги эле. Кордук Азаттыгын кокустук деп былжырап жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан