Ош облусуна жаңы жетекчи болуп Узарбек Жылкыбаев барат

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев дайындалат. Мындай маалыматы SUPER.KG порталына өздүк булак кабарлады.

Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган жок.
“Азырынча бул тууралуу маалымат жок, ошон үчүн расмий маалымат бере албайбыз”, - деди маалымат катчы.

Узарбек Жылкыбаев 2017-жылдын 17-мартынан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Ага чейин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты болгон.

Ал эми Ош облусун буга чейин жетектеп келген Таалайбек Сарыбашов 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан