Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев: "Азиз Суракматов жакшы иштеп берет деген ишеним менен колдодук"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жооп берди.

Ал Азиз Суракматов мурда аткаруучу бийликте иштегенин, шаардык кеңеште депутат болгонун эскертти. "Суракматов мэриянын түзүмүндө иштеген, шаардык кеңеште депутат, андан кийин төрага болгон. Ал мэр болсо аткаруучу бийлик менен шаардык кеңеш тыгыз иштейт го деген ишеним менен колдоо көрсөттүк. Суракматов тажрыйбалуу болгондуктан шаардын тургундарына жакшы иштеп берет деген үмүт менен көпчүлүк коалиция аны мэрлик кызматка талапкер кылып көрсөттү", - дейт Кененбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активист Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан