Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KGпорталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев жооп берди.
Ал Суракматов тажрыйбалуу, татыктуу талапкер деген пикирде. "Ал буга чейин муниципалдык кызматтарда иштеген, шаардык кеңештин депутаты, төрагасы болгон. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Тажрыйбасы чоң болгондуктан, мэр катары иштеп кетет деген оюм бар", - деди Мүзүралиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.