Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сагынов: "Суракматов шаардын көйгөйлөрүн билгендиктен татыктуу талапкер деп эсептейм"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KGпорталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сагынов жооп берди.

Анын айтымында, Суракматов - шаардын көйгөйлөрүн билген татыктуу талапкер. "Суракматов менен таанышканыма эки-үч күн болуп калды. Буга чейин сыртынан таанып жүрчүмүн. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан ага ар кандай суроолор берилип, ал өзүнүн ой-пикирлерин айткандан кийин татыктуу талапкер боло аларын түшүндүм. Өзүнүн ой-пикири бар инсан экен. Шаардын көйгөйлөрүн дагы жакшы билет. Ошол көйгөйлөрдү чечет деген үмүт менен көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин көрсөттү", - деди Сагынов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, адвокат Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан