Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сариев: "Көпчүлүк коалиция Суракматов шаардын көйгөйлөрүн жакшы билет деген критерий менен колдоду"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KGпорталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сариев жооп берди.

Ал буга чейин Суракматов менен ар кандай сүйлөшүүлөр болгонун айтты.

"Ал кандай иштерди жасай турганы тууралуу айтып берди. Өзүнүн алдыдагы пландары, программасы жөнүндө ой бөлүштү. Мурда шаардык кеңеште, мэриянын түзүмдөрүндө 9 жылга жакын иштеген. Ар бир фракция менен кеңешип сүйлөштүк. Бишкек шаарынын маселелерин толук билет деген критерий менен көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин көрсөттү", - деди Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан