Мурдагы министр Камила Талиева: "Бишкек шаарынын башчылыгына бир эле адамдын талапкерлигин көрсөтүү туура эмес"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна мурдагы министр Камила Талиева Бишкектин мэри ишкер эмес, мамлекеттик кызматкер болуусу зарыл деген оюн айтты.

"Учурда көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл болуп турат. Мыйзамга ылайык, шаар мэрине талапкерди фракция же өкмөт башчы гана көрсөтө алат. Бирок Бишкек шаары өлкөнүн борбору болгон үчүн андагы жашаган элдин талабын эске алуу керек. Башкача айтканда, калаа башчысын шаар тургундары шайлашы зарыл. Ал эми мэр боло турган адам шаардын инфраструктурасын, көйгөйүн, социалдык маселелерин жакшы билген адам болуусу керек. Ошондой эле мамлекеттик жумушта баскычтарды басып өтүшү зарыл. Учурда Бишкектин тазалыгы Ош шаарынан да артта калды. Тазалыкты жөнгө салуу үчүн чарбачыл мэр келиши зарыл. Ошондой эле шаар мэрине бир гана адамдын талапкерлиги көрсөтүлүшү туура эмес. Башка дагы талапкерлер көрсөтүлүүгө тийиш. Керек болсо эл арасынан татыктуу талапкерди алып чыгып, калаа эли үнүбүздү кошуубуз абзел.
Азыркы талапкерди жакшы тааныбайт экенмин. Шаар тынымсыз кыймылда болуп турган тирүү организм сыяктуу. Ошон үчүн шаарды жетектей турган адам шаардын чарбачылыгын, экономикасын социалдык көйгөйлөрүн чечип кете алгыдай болуусу керек. Азыркы талапкердин жогоруда айтылгандардын баарын жөнгө сала аларына күмөнүм бар. Социалдык тармактарда да бул кишиге карата каршы пикирлер айтылып жатат. Эң башкысы, шаар мэри боло турган адам ишкер болбой, мамлекеттик кызматкер болуусу керек. Азиз Суракматовду ишкер деп айтып атышат. Буга чейин ишкер адамдардын мамлекеттик кызматта иштегенин, өз чөнтөгүнүн камын ойлоп, мамлекетти өнүктүрө албаганын көрдүк го. Мэр деген бардык убактысын элдин жашоосуна арнашы керек", - деди Талиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан