Депутат Мирлан Жээнчороев: "Бишкек мэрлигине чарбачыл, шаарды оңдой турган киши керек"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикири төмөндөгүдөй болду.

Жээнчороевдин пикиринде, Суракматов - шаардын маселелерин түшүнгөн талапкер.

"Бүгүнкү күндө Бишкектин мэрлигине чарбачыл, шаарды оңдой турган киши керек. Кайсы талапкер болсо дагы программасынан аныктап бериш керек, кандай иш жасайт, шаар үчүн эмне кылат. Шаар мэрлигине өз кызыкчылыгын ойлобогон адам керек. Учурда чарбалык көп жумуштар башталган, аларды аягына чыгаруу менен андан ары өнүктүрүү керек. Бишкек - борбор шаарыбыз, коноктор көрө турган жер. Коңшу өлкөлөрдүн борборлору заманбап технологиялар менен өнүгүп баратат, биз да өнүгүү жолуна түшүүбүз керек. Суракматов жөнүндө айта турган болсом, бул адам шаар үчүн белгисиз адам эмес, Жогорку Кеңешке, шаардык кеңешке да шайланып депутат болгон. Шаардык кызматтарда да иштеген, Бишкектин көйгөйлөрүн билген талапкер катары эсептейм”, - деди Жээнчороев.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан