Журналист Тынчтык Алтымышев: "Суракматовдун талапкерлиги жогору жактагы маселе чечүүчүлөрдүн маегинен чыккан жыйынтык"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна журналист Тынчтык Алтымышев жооп берди.

Алтымышев Суракматовдун талапкер катары чыгышы маселе чечүүчү мансаптуулардын таасири менен жасалып жаткан иш экенин айтты.

"Бишкек - Кыргыз өлкөсүнүн борбору, жүзү, миллиондогон жашоочулары бар шаар. Ушундай чоң шаарга мэр шайлоону шаардык кеңеш, өкмөт, президент, президенттик аппарат олуттуу кабыл алып, маани берип чечсе болмок. Биз мурунку мэрди эмне үчүн кетирип жатабыз? Мурунку мэр Албек Ибраимов дагы бийликтеги таасирдүү адамдардын колдоосу менен түндүктөн түшкөндөй болуп мэрликке отуруп калганы үчүн, анын ошол кезде айтылган артында чуулуу иштердин бар экенине карабай келгени үчүн жумуштан кетирилди, камалды. Учурунда ал тууралуу айтылган чуулуу иштерге карабай мэр болгон. Натыйжада баарыбызга белгилүү бир топ коррупциялык иштер болуп кетти. Өткөндөн сабак алып, чарбачыл, шаар тургундарынын жашоосун түшүнгөн мэрди тандасак болмок, ойлонсок болмок.

Суракматовдун баскан изин караганда анын артында мыйзамсыз иштер көп экени ачык булактарда айтылып жатат. Иса Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турганда Суракматовго таандык делген курулуш компанияга Ак Үйдүн жанынан мыйзамсыз жер алып бергени, эми ошол адамды Өмүркулов мэрликке алып келе жатканы экөөнүн ортосунда бизнес кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп турбайбы?

Суракматов дагы Албек Ибраимов келген жол менен мэрликке келе жатат. Анын буга чейин эл үчүн кылган бир да ишин көргөн эмесмин. Бул талапкер жогору жактагы маселе чечүүчүлөрдүн маектешүүсүнөн чыккан жыйынтык. Болбосо, ар бир фракциянын бирден талапкер көрсөтүүгө толук укугу бар болчу. Бирок алардын баары Суракматовдун талапкерлигине макул болуп жатат", - деди Алтымышев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналист Канышай Мамыркулова, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан