Бүгүн, 27-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Санкт-Петербург шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын башталышында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү салтанаты өттү.
Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн интеграциялык биримдиктин алкагындагы кызматташууларынын актуалдуу маселелери каралды.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында тар жана кеңейтилген түрдө ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз мамлекети жана Орусиянын өкмөт башчылары катышууда.