Аида Салянова прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

КРнын Башкы прокурору Аида Салянова 22-ноябрь - Кыргызстандагы прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кесиптештерин куттуктады. Куттуктоодо "Урматтуу кесиптештер, прокуратура органынын ардагерлери! Башкы прокуратуранын жана өзүмдүн атымдан КРнын прокуратура кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, үй- бүлөңүздөргө тынчтык, кызматтык ийгиликтерди каалайм" деп айтылат. Мындан сырткары куттуктоодо прокуратура органынын мамлекеттеги ээлеген орду, прокуратура кызматкерлеринин кылмыштуулук менен күрөшүүгө, укуктук тартиптин орношуна кошо турган салымы, коомдун келечеги үчүн жасай турган милдеттери тууралуу жылуу маанайдагы сөздөр камтылган.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан